Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-декабры № 155
«Ак Бүчүр» балдар бакчасын муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун 25.11.2015-жылдагы №09-5441 катынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчикжөнүндө мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун 25.11.2015-жылдагы №09-5441 катынын негизинде «Ак-Бүчүр» балдар бакчасы мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүлсүн.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана тийиштүү адистерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |