Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-декабры № 156
Айыл өкмөтүнүн 2010-2015-жылдар ичинде үй курууга жер менен камсыз кылуусу жана кийинки жылдаргакарата пландары жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XXV сессиясы аталган маселени карап, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин айыл чарбасы жана турак жай иштери боюнча Туруктуу комиссиясынын билдирүүсү жана Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн көрсөткөн сунушу менен таанышып чыгып төмөндөгүдөй
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл өкмөтүнүн жарандарга үй курууга 2010-2015-жылдар ичинде жер менен камсыз кылуусу жана кийинки жылдарга карата пландары айылдык Кеңештин айыл чарбасы жана турак жай иштери боюнча туруктуу комиссиясы , айыл өкмөтүнүн жер адиси тарабынан дыкат изилденип чыгылсын.
2. Жер трансформациясы боюнча 33 га жерге тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун атарылышын камсыз кылуу жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Б.Тынаевичке милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |