Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-декабры № 157
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ДСУ деген белгисине АЗС куруу жөнүндө
Мырза-Аке айылынын тургуну жеке ишкер Кимсанов Салмоорбектин арызы менен таанышып чыгып талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 27-статьясын жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Коммунист участкасындагы ДСУ деген белгинин ордуна АЗС куруу үчүн жер участкасын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Суралсын Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектур боюнча башкармалыгынан (А. Сатыбалдиев) курулуш иштерине тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |