Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-декабры № 158
Мырза-Аке айылынын тургунумаркум Дүйшембиев Сайипкул атын Курманжан-Датка көчөсү менен М. Жээнбеков көчөсүнүн ортосундагы ат коюла элек кыска көчөгө атын коюу жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Обком айылынын тургундарынын арызы менен таанышып чыгып талкуулап, социалдык маселелер, жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутунду сунушун эске алып Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан-Датка көчөсү менен М. Жээнбеков көчөсүнүн ортосундагы ат коюла элек кыска көчөгө Мырза-Аке айылынын тургуну маркум Дүйшембиев Сайипкулдун ысымы ыйгарылсын.
2. Көчөнүн инфраструктурасын көтөрүүгө кол кабыш кылуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, шагыл төшөө, көчөдөгү үйлөрдүн катар номерлерин жазып илүү жагы Дүйшембиев Сайипкулдун балдарына, кыздарына, туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Бакыт Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |