Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-декабры № 159
Мырза-Аке айылынын тургуну Тынай уулу Бактыбекти «Айылдын ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин өз алдынча башкаруу жамаатынын «Айылдын ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосуна ылайык (№55 чечим 1997-ж) Мырза-Аке айылынын тургуну айылдык Кеңешинин эки жолку чакырылыштагы депутаты Тынай уулу Бактыбекти социалдык маселелер, жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутунду сунушун эске алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Тынай уулу Бактыбекти айылдын ар тараптуу өнүгүшүнөкошкон зор салымы, айыл калкынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, турмуш-тиричилик денгээлинин көтөрүлүшүнө кошкон салымы, калк арасында урмат сыйга ээ мыкты сапаттары, үлгүлүү эмгеги менен башкаларга үлгү көрсөткөндүгү үчүн «Айылдын ардактуу Атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |