Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-январы № 1
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Масы айыл өкмөтүнүн аймагынан талапкерлерди сунуш кылуу максатында күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Саитованын билдирүүсүн эске алып, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Масы айыл өкмөтүнүн аймагынан төмөндөгү талапкерлер сунуш кылынсын.
А) Сариев Тайир Токсонович - Масы айыл өкмөтүнүн тургуну.
Б) Карабаев Муратбек Самамтович - Масы айыл өкмөтүнүн тургуну.
2. Жогорудагы талапкерлерди Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына киргизүү жагы Кыргыз республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Масы айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И.Юлбарсовго жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |
|
|