Редакцияот 20.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз  ХХV сессиясы

 

2016-жылдын 20-январы № 25-5

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2016-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2016-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2016-жылга иш планы  бекитилсин (тиркеме  №1 тиркелет).

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Иманбердиевага тапшырылсын. 

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп , «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

                    

Төрага

К.Айдыралиев

 

 

Долбоор 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2016-жыл үчүн

                                         И Ш   П Л А Н Ы                                  

№

Каралуучу маселелердин мазмуну

Аткаруу

мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Айылдык Кеңештин 2016-жылга иш планын бекитүү

1-квартал

Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиева

2

2015-жыл ичиндеги  айыл өкмөт башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу

1-квартал

Айыл өкмөт башчысы

К. Чоробеков

3

Айыл өкмөттүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жыл үчүн бюджетти бекитүү

1-квартал

Туруктуу комиссиянын төрагасы М.Жамашев,

Айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиев

4

Айылдын  жашылдандыруу - көрктөндүрүү, тазалык  иштеринин  жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн  абалы , базардагы сатылган   эт, сүт азыктарынын  абалы  жөнүндө.

2-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров, «көрктүү аймак» ишканасы, СЭСтин башкы дарыгери  Ж.Токтобекова, вет башкармалыктын башчысы  А.Маданбеков

 

5

 Айылда жазгы  айдап-себүү, жана сугат иштеринин абалы жөнүндө.

2-квартал

Айыл өкмөттүн  жер адиси К.Асаналиев, туруктуу  комиссиянын  төрагасы Б.Ибраев, райондук  суу чарба башкар-н башчысы Турсунаалы. у.А

6

Жер бөлүштүрүү, айыл чарба  жана экология  боюнча  иштердин  абалы, көчүп конуу жана жайыттардын абалы жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн  жер адиси К.Асаналиев, туруктуу  комиссиянын  төрагасы Б.Ибраев

 7

 

2016-жыл «Тарых жана маданият» жылына карата айылдын аймагындагы «Жеңиш» паркын жана С.Андабеков атындагы маданий комплексинин абалы, айлана чөйрөсүн көрктөндүрүү, жакшыртуу иштери жөнүндө

 

2-квартал

 

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров

 

 

8

Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика , турак жай жана өзгөчө  кырдаалдар боюнча  иштердин абалы жөнүндө( соода- сатык  түйүндөрүнүн  жайгашуусунун  мыйзамдуулугун карап  чыгуу, жайгашуунун себебин  аныктоо),      «Береке» базарындагы көчөлөрдө,  тротуарларларда  жайгашкан  соода-сатык жүргүзгөндөрдү ирээтке  келтирүү жана  көчүрүү боюнча иш чаралар жөнүндө.

 

3-квартал

Айыл өкмөттүн кызматкерлери, Асанкул уулу Рахат, туруктуу комиссиянын  төрагасы И.Бейшеналиев, райондук архитектуранын башчысы М.Муталипов, Экотех инспекциянын Ат-Башы району боюнча инспектору  Б.Жумабаев

9

2016-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу

3-квартал

Айыл өкмөт башчысы

К. Чоробеков

10

 Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулукту  алдын алуу  боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө.

3-квартал

Айыл өкмөттүн жетектөөчү адиси К.Казиева,туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Курмангалиев

11

Айылда күзгү оруп-жыйуунун жыйынтыгы жөнүндө.

4-квартал

Айыл өкмөттүн  жер адиси К.Асаналиев,  туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Ибраев,жайыт комитетинин  башчысы.

 

12

Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын  кышка карата даярдыктары жөнүндө

4-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров

13

Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштеринин абалы жөнүндө

4-квартал

Туруктуу комиссиянын төрагасы К.Койчуманов

 

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы

Т.Иманбердиева