АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз ХХIII сессиясы
2015-жылдын 10-декабры № 23-1
Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала бакчалардын, айыл тургундарынын кышка даярдыктары жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала бакчалардын, айыл тургундарынын кышка даярдыктары жөнүндөгү, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала бакчалардын, айыл тургундарынын кышка даярдыктары жөнүндөгү, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ат-Башы айылындагы Карыбек.у.А, К.Мамбеталиев, А.Керимбаев атындагы орто мектептерди, көмүр менен толук камсыз кылуу иштерин 2015-жылдын 25-декабрына чейин бүткөрүү жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Айдыралиев |
|
|