Редакцияот 10.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз  ХХIII сессиясы

 

2015-жылдын 10-декабры № 23-5

Ат-Башы айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн  АРИС (коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун) 3-долбоорунун  конкурсуна катышуусу жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн  АРИС (коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун) 3-долбоорунун  конкурсуна катышуусу жөнүндөгү  айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси С.Өмүралиевдин билдирүүсүн угуп  жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айылында АРИС (коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун) 3-долбоорунун алкагында түзүлгөн фокус топтордун өткөргөн жыйындарынын жыйынтыгы боюнча муктаждыктардын  ичинен 1-орунга чыккан атайын техника (таштанды ташуучу унаа) алуу АРИСтин облустук түзүлгөн комиссиясына сунушталсын.

2. Айыл өкмөтүнө тиешелүү мурдагы  алынган  атайын  техника (таштанды ташуучу унаа) эскилиги жетип токтоп калуу коркунучунда тургандыгы эске алынсын.

3. Ушул токтом айыл өкмүтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.

                    

Төрага

К.Айдыралиев