АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз ХХIII сессиясы
2015-жылдын 10-декабры № 23-10
Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты Ф. Шерматованын сунушу жөнүндө
Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты Ф. Шерматованын сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А. Баатырбековго, Ж. Мусабековага айылдын жашоочуларынын атынан, КР нын мыйзамдарында каралган «Бийик тоолу, шарты катаал аймактарда жашагандарга» мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдиктер жана жаш курагы жеткендиги үчүн пенсияга чыгуу жашын мурдагы калыбында калтыруу жөнүндө кайрылуу жөнөтүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагын өзүмө калтырам.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Айдыралиев |
|
|