Редакцияот 30.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз  ХХIV сессиясы

 

2015-жылдын 30-декабры № 24-1

 

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  биринчи  орун басары К.Асизовдун 2015-жыл 18-декабрындагы чыгыш № 03-072464 сандуу каты  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  биринчи  орун басары К.Асизовдун 2015-жыл 18-декабрындагы чыгыш № 03-072464 сандуу кайрылуусун  угуп  жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 10-декабрь 2015-жылдагы кезектеги XXIII- сессияда  мектеп, бала бакчаларды көмүр менен өз убагында камсыз кылуу үчүн, 25-декабрга чейин мөөнөт берилгенден кийин көптөгөн аракеттерди жазап, жеке ишкерди укук коргоо органдарына берип бүгүнкү күнгө мектептерге, бала бакчаларга 880,5 тонна көмүр түшүрүлүп 85,5 % камсыз кылганы эске алынсын.

2. Калган 149,5 тонна көмүрдү 2016-жылдын февраль  айына  чейин тарттырып келүү жагы айыл өкмөт башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.                      

                    

Төрага

К.Айдыралиев