Редакцияот 11.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  (XXVI чакырылышы) кезектеги ΧΙΧ сессиясы

 

2015-жылдын 11-июну № 62

Миң-Куш айылындагы  16-аянтчанын «Мир» маданият  үйүнө   Акматалиев Эмилбектин ысымын ыйгаруу  жөнүндө

Миң-Куш айыл аймагындагы 16-аянтчанын «Мир» маданият үйүнө Эмилбек Акматалиев атын ыйгаруу жөнүндө Миң-Куш айылынын тургуну Дөкөналиев Абылмежиндин жана Акматалиев Рахаттын кайрылуусу боюнча, Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XIX сессиясы угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Миң-Куш айыл аймагына караштуу  16-аянтчанын «Мир» маданият үйү    Эмилбек Акматалиев атындагы маданият жана жаштар үйү  деп аталсын.

2. Ушул токтом jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө Миң-Куш  айыл  аймагынын айыл өкмөтүнүн - башчысы Р.Т. Кожомуратовго жүктөлсүн.

                 

Төрайым

Ж.Б.Шералиева