Редакцияот 15.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 15-февралы № 3

 

Жан - Булак айылдык  Кеңештин  2013 – жылга  карата  иш  планын  кабыл  алып  бекитүү.

Айылдык кеңештин  туруктуу  комиссияларынын  түзүү  жөнүндө.

Жан -  Булак айыл  өкмөтүнүн  жер  комиссиясын  түзүү  жана  бекитүү  жөнүндө.

 

 Жан - Булак айылдык кеңешинин  төрагасы  Р. Акунов  сессияны  ачып  күн  тартибиндеги  биринчи  экинчи  маселе  боюнча  айылдык  Кеңештин  төрагасынын  орун  басары  К. Атыровага сөз  берди.

Жогорудагы  үч  маселени  карап  чыгып  талкуулап  Жан - Булак  айылдык  кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

-  Жан - Булак  айылдык  Кеңешинин  2013 – жылга  карата  иш планы  бекитилсин.

- Айылдык  Кеңештин  туруктуу  комиссиялары үч комиссиядан туруп  жогорудагыдай  курамда  түзүлсүн.

- Жан - Булак  айыл өкмөтүнүн  жер боюнча  комиссиясы  жогорудагыдай  курамда  түзүлүп  жана  бекитилсин.

-  Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Жан - Булак  айылдык  Кеңешинин   төрагасынын  орун  басары  К. Атыровага  тапшырылсын.

  

 

Төрага

Р. Акунов