Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-октябры № 9-4
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер аянттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Г.Абдуллаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кеңештин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө 23-декабрь 2007-жылы № 131 токтомуна жана айылдык Кеңештин депутаттарынын III чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын чакырылышынын 11-август 2006-жылдын № 11.3 токтомунун негизинде суулуу айдоо аянтынан 30,0 га көп жылдык бак аянттарынан 2,7 га кайрак айдоо аянтынан 27,0 га бардыгы болуп 57,0 га жеке менчик турак-жай куруу үчүн токтомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Арызкы учурда элден түшкөн жеке менчик турак-жай куруу үчүн түшкөн арыздарды канааттандыруу максатында 113,0 га кайрак айдоо жер аянтына ген план түзүлсүн.
3. Боз участкасындагы “Түштүк-Кыргыз-Цемент” жабык акционердик коому пайдаланып жаткан 100,0 га , анын ичинен (КБФ,үлүш жана жайыт) жерлерин эски Ак-Чал айыл чарба кооперативине, Кызыл-Булак айыл чарба кооперативине жана Сарыбай айыл чарба кооперативине тиешелүү жерди “Түштүк-Кыргыз-Цемент” жабык акционердик коому менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, чек араларын тактап туруп, жер үлүш ээлерине жетпей калган жер аянттарын мыйзам чегинде тактап берилсин.
4. Жинжиген бөлүмүндөгү “Түштүк-Кыргыз-Цемент” жабык акционердик коомунун айланасындагы жер аянттарына мыйзамсыз эле салынган курулуштарды (ашкана, кичи дүкөн, контейнер, жеңил типтеги навестер) мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Т.Кулатов айылдык Кенештин жер аянтарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча жер комиссиясына тапшырылсын.
5. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл бөлүмүндөгү гипс казып алуу үчүн лицензия алышкан жабык типтеги акционердик коому “Ак-Сай-Цемент” ишканасына тиешелүү 13,0 га жана жоопкерчилиги чектелген “Тешик-Таш” ишканасына тиешелүү 22,0 га жер аянттарынын токтомдору менен келишимдерин жана убактылуу пайдалануучу жер аянттарынын күбөлүктөрүн, лицензияларын мыйзам чегинде жокко чыгарылсын.
6. Жинжиген бөлүмүндөгү “Түштүк-Кыргыз-Цемент” жабык акционердик коомунун айланасындагы жер аянттарына мыйзамсыз эле салынган курулуштарды (ашкана, кичи дүкөн, контейнер, жеңил типтеги навестер) мыйзамдуулугу текшерилсин.
7. Жоопкерчилиги чектелген “Айдоочу”, “ЭСК.ЛТД”, “Абшыр Даарыбулак”, “Ак-Сай цемент”, “МП Кызыл-Кыя суу канал” ишканаларынын жана жеке ишкер Айбашов Асилбек жана Мадалиев Жунустар менен иш алып баруусун мыйзамдуулугунун жана иш кагаздарынын тактап келүү жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин жер аянтарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча жер комиссиясына тапшырылсын.
8. Жинжиген бөлүмүндөгү 2,35 га жана 0,30 га жерлери Кызыл-Булак айылынын тургуну Абдырахманов Абдыганы жана Кожо-Арык айылынын тургуну Маматалиев Жангазыга жер аянтын мөөнөтүн көрсөтүү менен ижаралык келишимдин негизинде убактылуу берилсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Ажибаев |
|
|
|
|