Редакцияот 08.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVI шайланган  депутатардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVI сессиясы

 

2015-жылдын 8-октябры № 16/2

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2013-жылдан 31.12.2014- жылга  чейинки финансылык чарбасын текшерүүдөгү, келтирилген кемчиликтерди калыбына келтирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2013-жылдан 31.12.2014- жылга чейинки финансылык чарбасын текшерүүдөгү,келтирилген кемчиликтерди калыбына келтирүү боюнча угуп жана талкуулап XXVI шайланган  депутатардын Он-Арча айыл   аймагынын айылдык   Кеңешинин  XVI  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2013-жылдан 31.12.2014-жылга чейинки финансылык чарбасын текшерүүдөгү,келтирилген кемчиликтерди калыбына келтирүү боюнча жана сарай ээлери менен эсептешип  311.6 миң сомду айыл өкмөттүн бюджетине өндүрүлсүн.

2. Бул токтомду аткаруу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык адиси Асангазы кызы Назгүл жана Г.Койчумановага,жер адиси К.Турсуновго жайыт комитети Т.Асанбековго тапшырылсын.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга (төр:Д.Турганбаев) айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Болотбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Босунов