КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-январы № 2/1
Кең-Арал айылдык кеңешинин XXXVIII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
Кең-Арал айылынын жашоочусу Мухамедов Абдылда тарабынан өтүнүч менен кайрылган, айылдагы эски мончонун орду бош, ошол жерге жаңы типтеги мончо салып элге кызмат көрсөтүүнү суранган, ошол себептен элдин муктаждыгын эске алып Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин 38-чакырылышынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эски мончонун орду жана жери менен арендага берилсин.
2. Мончону курууга бир жылдык мөөнөт берилсин жана мончо айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын жер, турак жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Б.Момункуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | И.Изаканов | ||
|
|
| |
|
|
| |