Редакцияот 10.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Арал айылдык аймактык  Кеңешинин 38-чакырылышынын  5-сессиясы

 

2015-жылдын 10-сентябры № 18

Кең-Арал айыл аймагынын жашоочусу Кулмырзаева Айшанын  арызын карап чыгып талкуулап  канааттандыруу максатында Кең-Арал айылдык кеңешинин XXXVIII чакырылышынын кезектеги  5 – сессиясы

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Кең-Арал айыл аймагында жайгашкан суу тартуучу станциянын айланасына тигилген теректердин тыгыз тигилгендигине байланыштуу суюлтуу жана куурап калган  теректерди кесүүгө уруксат берилсин.

2. Кесилген теректердин 30%  айыл өкмөтүнүн эсебине берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

И.Изаканов