Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-апрелиндеги № 44
Зергер айылдык Кеңешинин участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлердин резервин түзүү үчүн Зергер айылдык Кеңешинин кезексиз 9-сессиясы шайлоочулардын жыйындарынын протоколдорун карап жана талкуулап, айылдык Кеңештин «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл Кеңешинин аймагындагы №5083 Ничке-Сай, № 5084- Кайрат, №5085 - Зергер, №5086- Токтогул, №5087-1-Май, №5088- Алтыбай, №5089-Дыйкан шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Мыйзамдын 19-беренесине ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын курамына сунуш кылынган талапкерлердин тизмеси Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын кароосуна жөнөтүлсүн.
Төрага |
Т.Ибраимов | ||
|
|
| |
|
|
| |