Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-апрели № 46
Зергер айыл өкмөтүнүн 2012-2013 жылдардагы бюджетинин аткарылышына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Эсептөө палатасынын 01.04.2014-жылдагы №01-16-86 буйругунда Зергер айыл өкмөтүнүн 2012-2013-жылдардагы бюджетинин аткарылышы жана түзүлүшү жөнүндө текшерүү жүргүзүлгөн текшерүү учурунда төмөндөгү статьяларга өзгөртүү киргизүү үчүн, айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р. Жуманалиевдин билдирүүсүн жана айылдык кеңешинин «Финансы, экономика, бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багытарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын киргизген сунуштарын угуп жана талкуулап айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн Башкаруу тармагынын 2012 жана 2013-жылдардагы бюджетинин аткарылышына Турдуу чыгымдын эсебинен 6000 сомго, Коммуналдык төлөө статьясынын эсебинен 100 сомго кыскартылып, Командировкалык чыгымга 700 сом, Транспорттук чыгымдын эсебинен 2400 сом жана Резервдик фондун эсебинен 3000 сом кошумча төлөөлөр жүргүзүлүп статьяларга өзгөртүү киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Финансы, экономика, бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
Т.Ибраимов | ||
|
|
| |
|
|
| |