Редакцияот 10.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 10-марты № 83/26-6

 Д.О.Чоткараевге “Кара - Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык   өнүгүүсүнө   жана  Кыргыз Республикасынын  коопсуздугун камсыздоого кошкон зор салымы үчүн шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде депутаттардын   Кара-Көл шаардык  кеңешинин  кезексиз   XXV I сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Чоткараев  Дуйшенбек  Озоновичке  “Кара -Көл шаарынын  ардактуу атуулу”  наамы ыйгарылсын.

2. Шаардык мэрия  менен шаардык кеңеш биргеликте шаардын даталуу  күндөрүндө салтанаттуу  Д.О.Чоткараевге  “Кара -Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилгендиги боюнча күбөлүк, грамота жана төш белги берүүнү камсыз кылсын .

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  шаардык мэрияга, ал эми  көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук  маселелер боюнча   туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

М.К.Женбеков