Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 1
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2014-жылынын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан киреше - 347545 сомду бөлүштүрүп бекитүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин ХХХ чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы, айыл өкмөтүнүн чыгашадан ашкан киреше - 347545 сомду бөлүштүрүү боюнча Д.Нарботоевдин сунушун угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2014-жылынын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешеден Кумуштак жамаатындагы 420 (төрт жүз жыйырма) га жерди сугат суу менен сугаруу максатындагы суу сордуруучу электронасосту мотору менен сатып алуу үчүн “Турак жай коммуналдык чарба” бөлүмүнүн 3112 “Машиналар жана жабдуулар” статьясына 295000 (эки жүз токсон беш миң) сом бөлүнсүн, “Муниципалдык кызмат” бөлүмүнүн 2111 “Эмгек акы” статьясына 45000 сом, 2121 “Соц фонд” статьясына 7545 сом бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу ФЭБ нүн башчысы А.Мамбетовага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
А.Алымкулова |