Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 7
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин ХХХ чакырылышындагы кезектеги ХХI сессиясында Боо-Терек айылынын маалыматтык–методикалык борборунун капиталдык ремонтуна өздүк салым кошуу жөнүндө Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин ХХХ чакырылышындагы кезектеги ХХI сессиясы Боо-Терек айылынын маалыматтык–методикалык борборунун капиталдык ремонтуна өздүк салым кошуу жөнүндө ФЭБ башчысы А.Мамбетованын сунушун угуп талкуулап чыгып Т О К Т О М К Ы Л А Т: 1. Боо-Терек айылынын маалыматтык–методикалык борборунун капиталдык ремонтуна өздүк салымына акча каражаты 2015-жылдын бюджетинен “Мамлекеттик кызмат болумунун” 3111 статьясынан каралып, 164900 сом бөлүнүп берилсин. 2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу ФЭБ нүн башчысы А.Мамбетовага жүктөлсүн. 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кенештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
|
|