Редакцияот 13.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 13-марты № 3

 

   Боо-Терек айылдык кеңешинин  депутаты Э.Бейшебаев 2015-жылдын 20-февралынан  баштап айыл  өкмөтүндөгү бош муниципалдык кызмат ордуна-башкы  адистин  милдетин  аткаруучу болуп ишке дайындалгандыгына байланыштуу депутаттык мандатын  өткөрүү тууралуу  арызы   жөнүндө

Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX чакырылышынын кезекеги XXII сессиясы Боо-Терек  айылдык  кеңешинин  депутаты Э.Бейшебаевдин 2015-жылдын 20-февралынан  баштап айыл  өкмөтүнөгү бош муниципалдык  кызмат ордуна-башкы  адистин  милдетин  аткаруучу болуп ишке дайындалгандыгына байланыштуу депутаттык  мандатын  өткөрүү жөнүндөгү  арызын  карап талкуулап:

Т О К Т О М        К Ы Л А Т:

1. Боо-Терек  айылдык  кеңешинин  депутаты Э.Бейшебаевдин 2015-жылдын 20-февралынан  баштап айыл  өкмөтүнөгү бош муниципалдык  кызмат ордуна-башкы  адистин  милдетин  аткаруучу болуп ишке дайындалгандыгына байланыштуу депутаттык  мандатын  өткөрүү   жөнүндөгү  арызы канааттандырылсын.

2. Токтом  Бакай-Ата  райондук аймактык  шайлоо  комиссиясына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөөнү  өзүмө  калтырам.

 

Төрайым

А. Алымкулова