Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-ноябры № 2
Айыл чарба багытындагы жер салыгынын ставкасын жогорулатуу жөнүндө Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,Сакалды айылдык кеңешинин XXVI – чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 455 токтомуна негиз жыл сайын айыл чарба багытындагы жер салыгынын ставкасын 2(эки) эсеге чейин жогорулатуу маселеси Ноокен районундагы айыл чарба багытындагы улуштук жерлердин ар бир үлүш ээсине эсептелип, ставкасы 700 сом өлчөмүндө болуп көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу ушул сессияда депутаттардан колдоо тапкан жок деп бекитилсин . 2. Бул токтомдун талаптарын аткаруу максатында айыл чарба багытындагы жерлердин абалын кайрадан изилдеп чыгуу айылдык кенештин жер жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комитетине жана жер бөлүштүрүү комиссиясына тапшырылсын. 3. Пайдалануудагы айыл чарба багытындагы жерлердин абалы изилденип, комиссия жыйынтык чыгаргандан кийин жер салыгынын ставкасын көтөрүү боюнча маселе сессияга коюлсун. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн каржы экономика бөлүмүнө, жер комиссиясынын курамына,айыл окмоттун башчысынын орун басары М Орозалиевге милдеттендирилсин.
|
| ||
|
|