Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-ноябры № 3
Айыл өкмөттүн кызматкерлерине сыйлык эмгек акы төлөп берүү жөнүндө Күн тартибине коюлган үчүнчү маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Сакалды айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине 2015-жыл ичинде эмгек акы фондунан үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен сыйлык эмгек акы төлөп берүү боюнча айыл өкмөт башчысы М.Султановдун 10.11.2015-жылдагы кызматтык каты канааттандырылсын . 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №609 сандуу токтомуна негиз жыл ичинде үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен эмгектеги жетишкендиктери учун алдынкы кызматкерлерге эки оклад эсебинен ашпаган өлчөмдө сыйлык акы жана компенсация төлөнүп берилсин. 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы М Султановго милдеттендирилсин.
|
| ||
|
|