Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 20 майы № 18/ 4
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн жер аянттарын которуу (трансформациялоо ) жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдарына ылайык калктуу конуштарды кеңейтүү жана жаңы конуштарды түзүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кара - Кочкор айыл өкмөтүнүн турак жай боюнча башкы адиси Т. Кочконбаевге жүктөлсүн .
2. Которулган (трансформация) жердин генералдык планын түзүүчү ишканалар хозрасчеттук эсепте жумуш аткаргандыктарына байланыштуу которулган (трансформация) ген план үчүн акча каражатын чечип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы О. Бегимкуловго жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышы Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин агрардык, азык - түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Кара-Кочкор айылдык
Кеӊешинин төрагасы | К.Асанов |