Редакцияот 22.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 22-июну № 01-05/ 257

Сариева Анарага материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Тургенева көчөсүнүн № 31 үйүнүн тургуну Назира Сариеванын 1996-жылы туулган кызы Анара Сариеванын 2 бөйрөгү ооруп, Бишкек шаарынан жумасына эки жолу гемодиализ алып жүрүп , бүгүнкү күндө Турция мамлекетинен 2 бөйрөгүн алмаштырууга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын Тургенева көчөсүнүн № 31 үйүнүн тургуну Назира Сариеванын арызы канааттандырылсын.

2. Анара Сариеванын 2 бөйрөгүн алмаштыруу үчүн 135 000 ( бир жүз отуз беш миң) сом үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен материалдык жардам катары төлөнүп берилсин.

3. Акча каражаты менен камсыз кылуу шаар мэри К.М.Эгембердиевге жана шаар мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж.Токтосунов