Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-июлу № 74
Май айылындагы “Сагындыков. Б” атындагы балдар бакчасынын ата –энелер төлөмүн бекитүү жөнүндө
Май айылындагы “Сагындыков. Б” атындагы балдар бакчасынындагы тарбиялануучу балдардын ата –энелер чогулушунун чечиминин негизинде,ата-энелер төлөмүн бекитүү маселесин Май айылдык кеӊеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Май айылындагы “Сагындыков. Б” атындагы балдар бакчасындагы ата-энелер төлөмү төмөндөгүдөй бекитилсин :
· Ата-энелер төлөмү 600 сом ай сайын
· Ата-энелер төлөмү 500 сом бир жылга
· Кирүү взносу 2000 сом бир жолу
2. Биринчи кезекте каржылоо корголгон статьяларга жүргүзүлсүн (ата –энелер төлөмүнөн түшкөн кирешенин 80 % тамак –аш үчүн, 20 % ар кандай чыгымдарга жумшалсын) .
3. Токтомдун негизинде иш жүргүзүү жагы Май айыл өкмөтүнүн КЭБүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Н.Субанбековага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Май айыл кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы У.Иманкуловага милдеттендирилсин.
Төрага | М.Баялиев
|