Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-январы № 8\3
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2013-жылга жайыт акыларынын чогулушу жөнүндө
Жайыттар комитетинин төрагасы С.Ибаков белгилүү себептер менен келбей калгандыгына байланыштуу, жайыттар комитетинин бухгалтерии өзү иштегенден берки үч айлык отчётун берди. Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2013-жылга жайыт акыларнынын чогулушу боюнча 21-январда өтүлүүчү сессияда кайра каралып талкуулансын.
2. Жайыт акыларынын чогулушу боюнча жеринен текшерип карап чыгуу айылдык Кеңештин эканомика, финансы, бюджет комиссиясына тапшырылсын.
3.Чет-Нура айылынын тургундарынын 14.01.2014-жылдагы кайрылуусу боюнча комиссия түзүлүп, жайыттын сыйымдуулугун эсептөө менен кийинки сессияда кароого даярдоо айыл чарба, токой чарба, суу чарба комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.З.Мамыров |