Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-январы № 8\6
Ийри-Суу айылындагы «Бактылуу бала» бала бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө
Ийри-Суу айылындагы «Бактылуу бала» бала бакчасында буга чейин 1-тайпада 25 30 бала тарбияланып келген.Баланын саны 50дөн ашып көбөйгөндүктөн 2-тайпаны ачууга туура келүүдө. Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ийри-Суу айылындагы «Бактылуу бала» бала бакчасында балдардын саны көбөйүп, элдин суроо талабы түшүп жаткандыктан 2-тайпаны ачууга макулдук берилсин. 2. Экинчи тайпаны ачуу боюнча Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан жана райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Тайпа ачуу боюнча тиешелүү кагаздарын, документтерин даярдоо боюнча бакчанын жетекчиси Ж.Чакиевага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тармактык комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Т.Мамыров
|