Редакцияот 20.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVI чакырылышынын XI сессиясы

 

2014 жылдын 20-марты № 11\10

Ийри-Суу айылынын тургуну Тайчыманов Нарынбек Бердалиевичтин арызын кароо жөнүндө

Тайчыманов Нарынбек Бердалиевичке Эл депутаттарынын Чет-Нура айылдык кеңешинин 25-май 1993-жылдагы № 21 чечими менен 0,25 га жер аянты турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилген. Чечимде Тайчыманов Нарынбек деп атасынын аты жазылбай калган. Жогорудагы чечимге өзгөртүү жана толуктоо киргизүү үчүн Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл депутаттарынын Чет-Нура айылдык кеңешинин 25-май 1993-жылдагы № 21 чечиминдеги Тайчыманов Нарынбек деген жерине Тайчыманов Нарынбек Бердалиевич деп өзгөртүү киргизилсин. 2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Жакыпов