Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июлу № 14/3
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылдагы жарым жылдыкка иш планынын аткарылышы боюнча отчётун угуу жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылдагы жарым жылдык иш планынын аткарылышы жөнүндө С.Ибаковдун отчётун угуп жана талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылдагы жарым жылдык аткарган иши канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ак-Сай өрөөнүндөгү Көл-Тетири, Беш-Бала участкасындагы эски там сарайдын ордун «Көл-Тетири» ЖЧКнын директору Аттокуров Камбарбек Кадыровичке мергенчилик жүргүзүү үчүн база куруп пайдаланууга Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 17-июнь 2014-жылдагы №6/3 токтому жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жыйналышы өткөрүлбөй туруктуу жер комиссиясынын макулдугусуз берилгендиктен түзүлгөн келишим мыйзамсыз деп эсептелсин .
3. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 17-июнь 2014-жылдагы №6/3 токтомун жараксыз деп табуу Нарын райондук сотуна берилсин.
Айтылган сын-пикирлер аткарууга алынсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ибаков Сагынбекке, айыл өкмөт башчысы Кудайбергенов Камчыбекке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Жакыпов
|