Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 09 ноябры 31/3
Көк-Жаңгак шаары Көк-Жаңгак шаарындагы № 1 «Радуга» балдар бакча жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси С.Сейдакматованын №1 балдар бакча боюнча маалыматын угуп талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI-чакырылыштагы ) кезектеги ХХХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы №1 «Радуга» балдар бакчасын кабыл алуу боюнча комиссиянын чечими 2016-жылдын 10 декабрына чейин такталып шаардык кеңешке маалымат берилсин, жана балдар бакчасын мамлекеттик каттодон өткөрүлсүн .
2. №1 «Радуга» балдар бакчасын шаардын муниципалдык менчик балансына алынсын жана реестрге киргизилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы С. Сейдакматовага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу,жер коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Т.Айтиевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Курбанов |