Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 09 ноябры №31/4
Көк-Жаңгак шаарындагы «Искусство»мектебине Кылычев Тилебай Абдурахмановичтин наамын ыйгаруу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардык «Искусство» мектебинин директору З.Садыкованын кайрылуу катын карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI-чакырылыштагы ) кезектеги ХХХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын «Искусство»мектебине Кылычев Тилебай Абдурахмановичтин наамы ыйгарылсын.
2. «Искусство» мектебинин наамын алмаштырууда кетүүчү чыгымдарды «Искусство» мектебинин жетекчиси З.Садыковага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык мыйзамдуулук, укук коргоо , этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссияга (Г.Садыковага) милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Курбанов
|