Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 14 ноябры № 21/1
Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча жүргүзгөн иши жөнүндө
Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун айылаймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2016-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун 2016-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери жетишилген ийгиликтери менен катар айрым кемчилдиктерин эске алганда канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Айтылган сын-пикирлерден туура жыйынтык чыгаруу менен бирге жалпы коомчулук менен жер-жерлерде тыгыз иш алып баруу, айыл жеринин инфраструктурасын, маданиятын көтөрүү, айылдардын экономикасын туруктуу өнүгүүнүн жолуна салуу үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен бирге сырткы инвесторлор менен тийиштүү деңгээлде иш алып баруу, иштеп жаткан долбоорлорду аягына чыгарып жүзөгө ашыруу, алдыдагы болуучу саясий компанияны уюшкандыкта өткөрүү жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштар иштери, социалдык – экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Т.Намашамов ) тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |