Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 14 ноябры № 21/3
Ылай-Талаа айылаймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды пайдалануу, жайыт акыларын чогултуу боюнча жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси Б.Сейдаматовдун 2016-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери боюнча маалыматын жана айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык округунун Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылдын тогуз айы ичинде жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды эрозияга учурашына жол бербей сарамжалдуу пайдалануу, жайыт акыларынан чогулган жана донордук уюмдардан, жеке демөөрчүлөрдөн келип түшкөн акча каражаттарын элдик жыйындарга алып чыгып аларбоюнча так маалыматтарды берүү менен максатту учыгымдарга жумшоо жагы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси Б.Сейдаматовго милдеттендирилсин.
3. Жайыт акысын чогултуу боюнча уюштуруу иштерине жайыт пайдалануучулар бирикмесине жакындан жардам берип, жер-жерлерде жайыт акысын төлөбөбөгөн тургундар менен тыгыз иш алып баруу жагы Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ш.Бекиевге жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы У.Ажимаматов ) тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |