Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015 жылдын 03 марты 17/3
Көтөрмө айыл өкмөтүнүн аймагындагы женилдиктерден пайдалануучу атуулдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салык төлөмдөрүнүн женилдиктерден пайдалануу боюнча 344-беренесинин негизинде Көтөрмө айыл өкмөтүндөгү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине теёдештирилген эмгек ардагерлери,пенсионерлер,ДРА,ЧАЭС,АПВ,Баткен коогалаёынын катышуучулары,1-11-топтогу майыптар,мектеп жашындагы 4 жана андан көп балалуулар салык төлөмдөрүнөн бошотулсун.
2. Көтөрмө айыл өкмөтүнүн аймагындагы соода дүкөндөрү,тегирмен жана кичи ишканалар,тейлөө борборлору жайгашкан жер аянттарына(айыл чарбасын өндүрүүгө жараксыз)жер салыгынын базалык ставкасы К1-1 бирдик өлчөмүндө бекитилсин.
3. Таштандыларды ташып чыгаруу 50 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы киреше бөлүмүнүн сектор башчысы М.Султановго жана финансы бөлүмүнүн башчысы А.Тажибаевага тапшырылсын.
Төрага | А.Султанов |