Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги ХV11 сессиясы
2015-жылдын 03-марты 17/5
Көтөрмө айыл аймагына цемент заводун куруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көтөрмө айыл аймагынын «Курулуш» участкасынан Кыргыз-Кытай биргелешкен ЖЧК «Кадамжай Цемент заводуна» цемент заводун курууга уруксат берилсин.
2. Цемент заводун курууга керектелүүчү тиешелүү документтерди түзүү жана даярдоо Кыргыз-Кытай биргелешкен ЖЧК «Кадамжай Цемент заводуна» цемент заводуна тапшырылсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | А.Султанов |