Загрузка документа…
АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 29 июлу № 29
Айдаралиев айыл аймагындагы коомдук уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жакшыртуу үчүн айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттоо жөнүндө
Айдаралиев айыл аймагындагы коомдук уюмдарынын жана жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Айдаралиев айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы,КРнын”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын принциптерин жана алардын иштерин жакшыртуу максатында айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөзүү жөнүндө долбоорун даярдаган Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн балансында,Айдаралиев айылдык аймагынын борбордук бөлүгүндө турган имаратты капиталдык ремонттон өткөзүү үчүн долбоордун жалпы сметалык баасы 3367386 (үч миллион үчжүз алтымыш жети миъүч жүз сексен алты);өздүк тартылган каражаттардын суммасы:367386 (үч жүз алтымыш жети миъ үч жүз секесен алты); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Каржы министирлиги тарабынан берилүүчү үлүштүк(түрткү берүүчү) гранттарда муктаждык:3000000(үч миллион) суралсын.
2. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн балансындагы,Айдаралиев айылдык аймагынын борбордук бөлүгүндө турган имаратты капиталдык ремонттон өткөзүү үчүн долбоордун өздүк каражатынын бөлүгүн367386 сомдук өздүк салымды Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн балансында,Айдаралиев айыл аймагынын борбордук бөлүгүндө турган имаратты капиталдык ремонттон өткөзүү үчүн долбоорду,Талас райондук түрткү берүүчү грант боюнча комиссиясына сунушталсын.
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы жана анын аткарылышы боюнча айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы Сыдыков Замир Бейшеновичке тапшырылсын.
Төрага | Айдаров.Ч.А |