Загрузка документа…
КАРАСАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-июну № 39
2016-жылдын жайлоого чыкчу малчылардын кызматынын,жайыттарды пайдалануунун акысы жана айдоо жерлерге мал кирип кеткен үчүн айып пул салуу жөнүндө
Карасаев айыл өкмөтүнүн Жайыт бирикмесинин төрагасы Абдышов Ж. жана депутаттардын сөзүн угуп жана талкуулап Карасаев айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт акысы : Бодо малга -50 сом, кой,эчки – 12 сом
2. Жайлоого чыкчу малчылардын мал багуу кызматынын төмөнкү акылары бекитилсин :
Ири мүйүздүү мал – 250 сом,
кой,эчки – 45 сом
Мал багып жаткан малчыга милдеттендирилсин:а)малды жоготуп жиберсе төлөйт, б)минип жүрсө эскертүү,кийин 2-3 жолу минсе штраф.
в) мал ооруп жатканда 4 күндүн ичинде ээсине билдирсин малчы
г)малчы мал алып жатканда кой 500-600 баштан ашпасын,бодо 150-200 баштан ашпасын
д) малчылардын көчүп кетүүсү 20-майда,көчүп келүүсү 20-сентябрь мөөнөтү аткарылбаса 15000 мин сомдон жогору айып салынат.
3. Малчылар жана жеке фермерлер менчик малы үчүн жайыт акы төлөбөй лесхозго жана башка айыл өкмөтүнүн жайытына барам деп түшүнбөсө:
а)бодо мал үчүн 1 баш -100 сом
б)кой,эчки үчүн – 35 сом айып салынат
4. Ички жайытта белгисиз себептер менен жашырып субай малын алып калса :
а)бодо мал үчүн 1 башка -500 сом
б)кой,эчки үчүн – 150 сом айып салынат
5. Жайыт аздыгына байланыштуу малчылар башка айыл өкмөтүнөн мал алып келип бакса - 15000 мин сом айып салынат.
6. 300 сомдон малып алып бакан малчыга патент алуу жагы милдеттендирилсин.
7. Жайыт жерлерди чөп чабык катарында берилсе 1га арендага 300 сомдон бекитилсин.
8. Жайыт жерлерди бал челек коюууга берилсе 1 орунга 250 сомдон бекитилсин.
9. Малдар айдоо жерлерге кирип кеткен үчүн айып пул төмөнкүдөй бекитилсин:
- 1-чи жолу түшкөн бодо мал жана жылкы – 500 сом /1 баш, майда мал үчүн жана 2-3
жолу түшкон малдарга комиссия түзүлүп аксакалдар соту аркылуу чечилсин;
10. Токтом нормативдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизилиши үчүн
каттоого Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн жана каттоодон
өткөрүү жагы жоопту катчы Ногоева Г жүктөлсун.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айлана-чөйрөнү коргоо,экология жана жер
реформасы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | К.Ш.Масылов |