Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-ноябры № 32-1
2016-жылдын 9 айга жана жыл ичинде бюджеттин аткарылышы жана кирешеден түшкөн ашыкча акча-каражатын кароо жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т. Жусубалиевдин билдирүүсү жөнүндө
2016-жылдын 9 айга жана жыл ичинде бюджеттин аткарылышы жана кирешеден түшкөн ашыкча акча-каражатын кароо жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т. Жусубалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 9 айына Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жана киреше-чыгаша боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т. Жусубалиевдин берген маалыматы эске алынсын.
2. Аткарылбай калган салыктын түрлөрү боюнча 2016-жылдын аягына чейин толук аткаруу жагы айыл өкмөттүн киреше боюнча жетектөөчү адиси Г. Мищбаевага милдеттендирилсин.
3. 2016-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен пайдаланылбай калган 876 900 сом акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланылсын:
1) «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасына 350 000 сом;
2) Айыл өкмөткө башка эмерек, жабдууларды алууга 120 000 сом;
3) «Телекомго» 15 000 (аппарат), 10 000 сом (мектеп), жалпы 25 000 сом.
4) Шайлоо өткөрүүгө 19 800 сом;
5) Бадачылардын аттарына чөп 10 000 сом;
6) Трансформатор үчүн ЖБИ столба 15 900 сом;
7) Электр энергияга туум 145 000 сом;
8) Экотехинспекцияга трансформаторды кошууга уруксат алууга 5 000 сом;
9) «Асылзат-Зирек» бала бакчасына 15 800 сом;
10) Лампочка алмаштырууга 10000 сом;
11) Адвокаттын кызматына 120 400 сом;
12) Технадзорго 40 000 сом;
4. 2016-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн 1 236 300 сомдун 10 000 сому балдардын спорт мектебине оюн өткөрүүгө, 10 000 сому «Тогуз коргоол» оюну боюнча мелдешке катышып келүүгө, ал эми калган 1 216 300 сому жыл аягына кирешелердин планынын аткарылышына жараша курулуп жаткан бала бакчанын курулушуна жумшалсын.
5. 2016-жылдын киреше бөлүгүнө айрым салыктын түрлөрүнөн ашыкча түшкөн 353 700 сом акча каражатына кошумча план берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
6. 2016-жылдын бюджетинде Маданият үйү үчүн ар кандай чыгымдарына каралган 100 000 сом Маданият үйүнүн тосмолорун ощдоого жана К. Мамбеталиев атындагы орто мектебинин ар кандай чыгымдарына каралган 20 000 сому башка эмерек жана жабдууларды алууга тиешелүү чыгымдоо беренелерине которулуп берилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
9. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Айдыралиев |