Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-ноябры № 32-5
КР Эсептөө палатасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы чыгыш №01-11/442 сандуу каты жөнүндө
КР Эсептөө палатасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы чыгыш №01-11/442 сандуу катын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге иштеген ишиндеги кетирген кемчилиги үчүн айыл өкмөт башчысы тарабынан «катуу сөгүш» берилгендиги эске алынсын.
2. Көрүлгөн тартиптик чара жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысынын буйругунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана мындан аркы ФЭБ нүн ишине көзөмөл жүргүзүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Айдыралиев
|