Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-ноябрь № 32-7
«Кереге-Таш Инвест» ЖЧКсынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы чыгыш №11/11-2016 сандуу каты жөнүндө
«Кереге-Таш Инвест» ЖЧКсынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу 859,2 га жер аянтында «Кереге-Таш Инвест» ЖЧКсына геологиялык чалгындоо жана изилдөө иштерин жүргүзүүгө 2017-жылдын 1-декабрына чейин уруксат берилсин.
2. Тиешелүүтөлөм каражаттарын Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебине которуп берүүжагы «Кереге-Таш Инвест» ЖЧКсына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго жана ЖПБ нын төрагасы Ж. Кожомбердиевге тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүүчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Айдыралиев |