Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-февралы № 26/1
Көтөрмө айылдык Кеңешинин 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылдын бюджетинин 2017-2018-жылдардын божомолдуу планын бекитүү жөнүндө
Көтөрмө айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө Көтөрмө айыл Өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы А.Тажибаеванын отчетун угуп Көтөрмө айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолдуу планынын каржы мимнистирлигинин 2016-жылдын 6-январындагы №14-02-12/103 катынын негизинде, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 23-декабрында №128-VI токтомунун негизинде «Республикалык бюджеттин 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алган мыйзамдардын негизинде түзүлүп сунушталып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көтөрмө айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Көтөрмө айылдык Кеңешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көтөрмө айыл Өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетинин аткарылышы боюнча берген финансы бөлүмүнүн башчысынын маалыматы көнүлгө алынсын.
2. Көтөрмө айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 11387,6 мин сом чыгашалары боюнча жетишпестигин эске алуу менен 11387,6 мин сом,2017-жылга11603,3мин сом 2018-жылга 12522,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Көтөрмө айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү №1 – тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2016-жылга Көтөрмө айыл Өкмөтүнүн бюджетинен каржылоочу мекеме ишканалардын жылдык бюджети №2 тиркемеге бекитилсин.
5. 2016-жылга Көтөрмө айыл Өкмөтүнүн бюджетинин каржылануучу чыгымдары, анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (эмгек акы соц фондко чегерүүлөр) экинчи кезекте коммуналдык чыгымдарга жүргүзүүлөрү белгиленсин.
6. Айыл Өкмөттүн бюджеттик мекеме уюмдар тарабынан бюджеттик каражаттарды регионалдык казына бөлүмүнө кириштелбей туруп сарптоого тыюуу салынсын.
7. Көтөрмө айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга каралган бюджети 2016-жылдын 1-январынан ишке киргизилсин.
Төрага | А.Султанов |
| Көтөрмө айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылыш) кезектеги 16.02.2016-жылдагы ХУУ1 сессиясынын 26/1 токтомуна №1- тиркеме |
Классификация | Жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түрлөрү | 2016г. |
11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 5134 |
11122200 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 250 |
11311200 | 2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлкөө салык | 44,2 |
11312120 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык | 420 |
11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 85,3 |
11321200 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 136,0 |
11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 148,0 |
11412100 | Сатуудан салык | 1646 |
14151200 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы | 992,4 |
14152100 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 48 |
14152600 | Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы | 4,5 |
14221700 | Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйын | 110,0 |
| Жалпысы | 9019,3 |
| Теңөөчү грант | 2488,1 |
| Жалпысы | 2488,1 |
| Бардыгы | 11507,4 |
Жооптуу катчысы | З.Баатырова |
| Көтөрмө айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылыш) кезектеги 16.02.2016-жылдагы ХУУ1 сессиясынын 26/1 токтомуна №2- тиркеме |
Классификация | Жергиликтүү бюджеттин кирешесинин түрлөрү | 2016г. |
| Атайын каражат |
|
| Киреше |
|
14232400 | Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат корсотуу акысы | 281.9 |
| Жалпысы | 281,9 |
| Чыгашасы |
|
2218 | Тамак аш азыктарын алуу | 281,9 |
| Жалпысы | 281,9 |
|
|
|
|
|
|
Жооптуу катчысы | З.Баатырова |