Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-февралы №26/4
Жайыт комитетинин иш планын жана 2016-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 4 (төрт) жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Иш пландын аткарылышын камсыз кылуу жана анын негизинде иш аракеттерди жүргүзүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Н.Мамаюсуповго тапшырылсын.
3. Жайыт комитетинин 2016-жылга карата түзүлгөн бюджети бекитилсин.
4. Бюджеттин аткарылышын мыйзам чегинде көзөмөлдөп баруу жайыт комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А.Султанов |