Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-февралы №26/6
Көтөрмө айыл аймагынын Тамаша айылындагы 186 га жер аянтын башка категорияга көтөрүү жана 3 га бак менен 4 га сугат жерди турак жайга трансформациялоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көтөрмө айыл аймагынын Тамаша айылындагы 186 га жер аянтын башка категорияга көтөрүү маселеси кийинки сессияга калтырылсын, анализдөө иштери жер адиси менен туруктуу комиссияга тапшырылсын.
2. Тамаша айылындагы 3 га бак менен 4 га сугат жер турак жайга трансфармациялансын.
3. Жерди категорияга көтөрүү жана трансфармациялоо иш кагаздарын даярдоо жана жүргүзүү жагы жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча 1 категориядагы адиси А.Манасбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы турак жай жана коммуналдык маселелер мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А.Султанов |