Редакцияот 22.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 22-январы № 2

Ак-Жар айыл аймагын 2016-2018-жылдарга өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө

Ак-Жар айыл аймагын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу боюнча Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан Ак-Жар айыл аймагын 2016-2018-жылдарга өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитип берүү тууралуу Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун угуп, Ак-Жар айыл аймагын 2016-2018-жылдарга өнүктүрүүнүн стратегиялык планы менен таанышып жана талкуулап, Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Жар айыл аймагын 2016-2018-жылдарга өнүктүрүүнүн стратегиялык планы бекитилсин:

2. Ак-Жар айыл аймагын 2016-2018-жылдарга өнүктүрүүнүн стратегиялык планында камтылган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча бардык аракеттерди көрүү жагы Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага

А.Кабылов