Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10 февралы № 3
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторунаакы төлөө мененменчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Ак-Жар айыл аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер участокторуна укуктарды жаратуунун жана жеке жана юридикалык жактарга берүүнүн жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Ак-Жар айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ат-Башы районундагыАк-Жар айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна акы төлөө мененменчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Жобо жана Жобонун 1-, 2- тиркемелери бекитилсин.
2. Бул токтомду мыйзамдарда кабыл алынган тартипте юстиция органдарында каттоодон өткөрүү, райондук газетага жарыялоо, айыл өкмөтүнүн стенддерине илип коюу менен калктын ал боюнча маалымат алуусун камсыздоо айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
3. Ак-Жар айылдык кеңешинин төмөнкү ченем укук актылары күчүн жоготту деп табылсын (эгер бар болсо):
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Шукурбековго жана айыл өкмөт башчысы М.Кадыркуловго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кабылов |