Загрузка документа…
АК- ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 4
Ат-Башы районундагы Ат-Жайлоо кооперативине кырмандын ичинен 2 гектар жер мал союучу цех салу үчүн ижарага берүү жөнүндө
1. Ат-Жайлоо кооперативинин башчысы Б. Абышовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак- Жар айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXXIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Ат-Жайлоо кооперативине Ак- Жар айыл өкмөтүнө караштуу Кырмандын ичинен 2 гектар жер аянты мал союулуучу цех курууга уруксаат берилсин. Мал союучу цех куруу үчүн айыл өкмөтүнүн адистеринен, ак сакалдар сотунан жана айылдык кеңештин депутаттарынан комиссия түзүлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасы А.Кабыловго тапшырылсын.
Төрага | А.Кабылов |