Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-апрели № 9
Ак-Жар айылындагы Жайыт комитетинин 2016-жылга бюджетин бекитүү жана 22.03.2016-жылдагы № 03-248 Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосунан келген катты талкуулоо жөнүндө
22.03.2016-жылдагы № 03-248 Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосунан келген катты угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXXVI кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылындагы жайыт комитетинин төрагасы Б.Мамбеталиев жана бухгалтери А.Сооронбаевдер өз арыздарынын негизинде ээлеген кызмат оордуларынан бошотулсун.
2. Тез аранын ичинде элдик жыйын чакырып жайыт комитетинин төрагасы жана бухгалтерин элге коюп шайлоону уюштуруу айыл өкмөттүн башчысы М.Кадыркуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин депутаттарына тапшырылсын.
Төрага | А.Кабылов |